Балама - Урмат Токомбаев & Salidinas ( жаныртылган ыр )
Автор: Salidinas
Загружено: Дата премьеры: 23 июн. 2024 г.
Просмотров: 164 466 просмотров
Балама
Сөзү: Э.Ибраевдики
Обону: Э.Маданбеков
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекелеп жарпым жазарым.
Бал татыган балдай тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Катылган сыр, ойду ачарым,
Каткырыгың көңүл ачарым.
Картайганда арка-бел болор,
Кагылайын орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кандан чыккан асыл данегим.

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: