Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

ИИМ БМЖККК: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды

Автор: МВД КР

Загружено: 2023-09-08

Просмотров: 539

Описание:

ИИМ БМЖККК: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ведомстволор аралык комиссиясы менен биргеликте, ИИМдин ички иштер органдары тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун партиясын жок кылуу боюнча иш-чара өткөрдү.

Бул иш-чаранын максаты калк арасында баңги заттарга каршы үгүттөө жана баңги заттарды экинчи жолу жүгүртүүгө жол бербөө болуп саналат.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жана кылмыштарды иликтөөнүн жүрүшүндө, 2022-жылдан тартып ушул күнгө чейин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери соттук өндүрүш аяктаган иштер боюнча 450 килограммдан ашык баңгизаттарын жок кылышкан (өрттөлгөн).

Өрттөө учурунда, 450 килограммдан ашык баңгизат күйүп, алар 500 градус температурада өрттөлүп, жок болду.

Баңгизаттарды өрттөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу эксперттер тарабынан көзөмөлдөнгөн.

Ошентип, жок кылуу актысына ылайык, ведомстволор аралык комиссия 30 кг ашык героин, 328 кг кара куурай тобундагы баңгизат, 2 кг ашык апийим жана 90 кг ашык психотроптук заттар жок кылынды.

Комиссиянын курамына Ички иштер министрлигинин, саламаттыкты сактоо министрлигинин, сот департаментинин, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери кирди.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ИИМ БМЖККК: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

array(0) { }

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: [email protected]