ИИМ: Бала бакчанын атын жамынган жашыруун нарколабораториянын ишине бөгөт коюлду.
Автор: МВД КР
Загружено: 2025-06-05
Просмотров: 1358
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын аймагында балдар бакчасынын атын жамынып, каннабис тобундагы баңгизаттарды өстүрүп, даярдап, интернет тармактары аркылуу сатуу менен алектенип жүргөн баңги кылмыштуу топ тарабынан уюштурулган жашыруун баңги лабораториясы жок кылынды.
Аталган факт боюнча Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
2025-жылдын 5-июнунда ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын жайгашкан бир имаратында тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында, атайын, автоматташтырылып жабдыкталган, элита сортундагы марихуана өстүрүүчү баңги лаборатория аныкталган. Жалпысынан 19 (он тогуз) түп жана 54 грамм “гашиш” баңгизаты, ошондой эле лабораторияга тиешелүү жабдыктар алынган.
Бул имарат “Растишка АВС” жеке балдар бакчасынын атын жамынып, кылмыштуу иш-аракеттерди жасап, баңгизатты үзгүлтүксүз колдонуп, көмүскө жай уюштуруп жүрүшкөн туугандык жана куда-сөөктүк байланышта болгон 1993-ж.т. К.Д.К., 1980-ж.т. Ш.Н.К., 1992-ж.т. М.С.Ө., 1985-ж.т. С.М.Б., 1988-ж.т. К.Ч.Р. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышкан.
Алар өндүргөн баңгизаттар сатыла турган болсо, кирешеси 25 млн сом сумманы түзмөк.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: