Бейшенбай Усубалиев | Бүгүн күн жаман ысып турат | аудио китеп
Автор: Төрөкул Дооров
Загружено: 2025-09-13
Просмотров: 19636
Бул чыгарманы окугандан бери өзүмө келе албай жатам. Ойлоп көрсөм, Бейшенбай Усубалиевдин чыгармаларын окуганда көбүнчө ушундай боло берет экенмин. Сөздүн, чыгарманын күчү ушунда болсо керек...
«Бүгүн күн жаман ысып турат» деген аңгемесин Бейшенбай Усубалиев дээрлик чейрек кылым мурда жазган. Мыкты чыгарма мезгилдин чегин бузуп, качан болбосун адамды толкунданта берет дегени чын бейм. Андагы каарман Назардын абалы өтө кылдаттык менен сөз эмес, каймана символдор менен берилген. Аны сүрөттөөгө автор да, каармандар өздөрү да, окурман да ашыккысы жок.
Жаштыктын кай бир жылдарында, мезгилдин кай бир бурчтарында жашынган махабат жылт этип көрүнүп, жигиттин да, кыздын да оюн кытыгылап, жүрөгүн мыкчыйт, бирок эч ким аны ачык айтканга даай албайт... Өмүр өзүнүн сценарийи менен ар кимдин жолун өзгөрттү, ага каршылык көрсөтүү деги керекпи? Ушул суроону коет автор. Айтылбай турган сезимдер калат көкүрөктө.
Тек гана бир абал баарын айгинилеп, өз ордуна койгондой – уххх, бүгүн күн жаман ысып турат...
Автор: Бейшенбай Усубалиев
Окуган: Төрөкул Дооров
Сүрөт: Жоомарт Кадралиев. (Гапар Айтиев атындагы музейдин сайтынан алынды: https://artmuseum.kg/galleries/968/sh...)
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: