Көчөт отургузуу - Sunnah life
Автор: Исламский журнал «УММА» (shorts)
Загружено: 2017-12-29
Просмотров: 332
#SunnahLife: Ислам – жаратылышка аяр мамиле жасап, аны көздүн карегиндей сактоого чакырган дин. 🌍 Ислам тарыхына көз чаптырсак, анда согуш маалында да токой, талааларды жок кылып, аларга зыян келтирүүгө катуу тыюу салынган. 🌲 🌳 🌲
Так ушундай эле бардык элдин салттары табиятты коргоого чакырат. Кыргыздарда “1 дарак кыйсаң, анын ордуна 100 дарак тик” деген акылман сөз бар. 💯
UMMA ислам журналы хадис, мааниси терең макалдарга амал кылып, жыл сайын бак отургузуу жана шаарды таштандылардан тазалоого арналган акцияларды өткөрүп келет.
Биз ушул жылдын жаз айында уюштурган “Бир момунга – бир дарак” акциясын дагы бир ирет көз алдыбыздан өткөрүүнү чечтик.
🌲 🌲 🌲 Видеоролик #SunnahLife долбоорунун алкагында даярдалып, анда “Умма” ислам журналынын командасы ислам дини менен элибиздин бай маданияты, каада-салты, адеп-ахлагы жана ички жан дүйнөсүн чагылдырганга аракет жасады.
📌 📌 📌 📌 📌 📌 Баарыбыз билгендей эле, ислам жана ☪ кыргыздардын тарыхы 🇰🇬 бири-бири менен бекем байланышта болуп, жүздөгөн жылдар бою жашоонун ар кыл аспектисинде бири-бири менен гармониялуу айкалышып келет. Элибиздеги макалдар жана пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) хадистеринин терең маанисин камтыган бул роликтер - буга анык далил. 💯
👍 😍 😯 Эгер сизге бул видео жакса, анда комментарий калтырып, башкалар менен да бөлүшүңүз.
Доступные форматы для скачивания:
Скачать видео mp4
-
Информация по загрузке: