Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Абдышукур ажы Нарматов - Иттин окуясы

Автор: UNIVERSAL Live

Загружено: 2021-01-17

Просмотров: 15125

Описание:

АТА-ЭНЕМ — ЫРЫСЫМ, АТА-ЭНЕМ — БАКЫТЫМ.
Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы. Таалим көргөн ыймандуу,ыкластуу эне- Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү, үй-бүлөнүн бакыты,бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү, бүлөсү үчүн күйүп-бышкан боорукер камкор жан. Биздин жарык дүйнөгө келишибизге ата-энелерибиз себепкер болгон жана алар биз үчүн эң зарыл, эң улуу жана кадырлуу адамдар.Тогуз ай бою курсагында, бир нече жыл кучагында,андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жаратылбаптыр. Акылга салып таразалап көрсөк кичинекей алсыз балдар төрөлүп, чоңоюп,таалим-тарбия алууда ата-эненин жардамына муктаж болушат. Ата-эне болсо аларга тарбия берип жана бактылуу кылып чоңойтуп, өстүрүү үчүн канчалаган азап, кыйынчылыктарды көрөт. Күнүмдүк эле кийим-кече, тамак-аштары үчүн, кечинде келип балдарына кубаныч тартуулаш үчүн, кээчке эмгектенишип кыйналышат. Ал эми ата болсо жаны тынбай иштеп акча таап, балдарым деп жаны кыйналып иштейт. Мына ушундай сыяктуу дагы көптөгөн вазыйпаларды кайратынан жазбай аркалап келаткан кутман ата-энелер чындыгында сүйүүгө, жогорку урмат-сыйга татыктуу, аларды өмүр бою башыбызга көтөрүп жүрсөк да аздык кылат. Өзүлөрү жебегенди жедирип, өзүлөрү кийбегенди балдарына кийдирип, балдарыбыз элден калбасын деп эч нерсесин аябай окутуп-чокутуп, жайлуу жашашсын үчүн каражанын карч уруп эмгек кылышат. Ата-эне баласы үчүн баарына даяр болуп, кандай кыйын акыбал болсо да баарын көтөрөт. Күндүз чарчап-чаалыгып,түнкүсүн уйкусунан азат. Ушундай азап, кыйынчылыктардан кийин убакыт өтүп, күндөрдүн бир күнү бала чоңоюп, алдуу-күчтүү болот. Ата-эне болсо карып күч-кубаттан таят. Мына ошондо жардамга муктаж болуп калат. Ошондой учурда ата-энеге жардам берүү,тамак-аштан, кийим-кечеден көмөк көрсөтүү биздин милдет болот. Канчалык баласы ата-энесине чын жүрөгүнөн кызмат кылып, муктаждыктарын аткарып турса, ошончолук ата-эне да көңүлдөрү көтөрүңкү болуп, кубанычтуу өмүр сүрүшөт. Жараткандын деңиз сымал чалкыган мээриминин тамчысы энелердин жүрөгүндө экени талашсыз чындык. Эненин аруу жан дүйнөсүндөгү ошол оргуштаган мээриминин чен-өлчөмүн так аныктаган бир курал же бир каражат бар болду бекен? Бул жашоонун ар кандай оор шарттарында, жан кейиткен кыйын кезеңдеринде перзентине чаң жугузбай, бүт өмүрүн биздин жыргалчылыгыбызга арнаган ата-энелердин ак эмгегин кайтаруу мүмкүнбү? Эненин ак сүтүн, опол тоодой мээнетин актоо, аны башыңдын таажысы катары асырай билүү керек. Энелер сай-сөөгү сыздап, тамыры үзүлүп кеткидей болуп толгоо тартпаганда балдар бул дүйнөгө кантип келмек эле? Эне-атанын балдарына кылган санмиң жакшылыгын кайтаруу мүмкүн эмес. А бирок эне-атасын чыныгы ыраазы кылган инсан кандай гана бактылуу! Бейиш- энелердин таманын астында деген сөздүн чындыгында калет жок. Себеби бул тууралуу Мухаммад пайгамбар (с.а.в.) өзүнүн осуяттарында тагыраак айтканда хадистеринде баса белгилеп айтуу менен бирге ыйык Куран китепте эне-атага моюн сунууну жана жылуу мамиле кылууну буюрган. Аларга жакшылык кылууда Мухаммад пайгамбардан (с.а.в.) бир адам келип минтип сурайт: Мен эң биринчи кимге жакшылык кылуум керек? Ошондо Мухаммад пайгамбар (с.а.в.): Энеңе, дейт. Андан кийин кимге?-деп сурады алиги адам. Энеңе!-деп жооп берди. Андан кийин кимге?- деп кайталап сурады ал киши. Энеңе. Ал киши дагы кайталап сурады: — Андан кийинкиси деги ким?- дегенде, атаңа жана жакындарыңа,- деп жооп берди. Мухаммад пайгамбардын (с.а.в.) бул хадисинде жакшылык кылууда жана жардам берүүдө эне биринчи кезекте укуктуурак экендигин айтып жатат,себеби ал атага караганда алсызыраак болсо да, баланы төрөө, эмизүү, көтөрүп жүрүү, аны багып, тарбиялап чоңойтуу түйшүктөр энеге жүктөлгөн. Ата болсо алдуу-күчтүү болсо да,бала багуу түйшүгүнөн алыс болот. Ошонун негизинде бул хадис баланын жакшылыгына эне үч ирет андан кийин ата, андан кийин гана жакындары укуктуу экендигин айтып жатат. Сөзүбүз кур болбошу үчүн дагы көптөгөн мисалдардан эки-үчөөсүн айтып бекемдегим келип турат. «Ата-эне сенин бейишиң же тозогуң», «ата-энеңерге жадакалса өх, уф-ф деп да айтпагыла жана аларга үнүңөрдү бийик көтөрүп сүйлөбөгүлө. Анткени оор болот алардын жүрөгүнө», «энеңди Меккеге жөө көтөрүп барсаң да, бир дем алуусун (тамчы сүтүн) да актай албайсың» деген көптөгөн накыл кептер бар. Албетте эне-ата ырысыбыз, бакытыбыз. Анткени, эне-атага жардам берип, аларга кызмат кылуу жана бир туугандар менен байланышып жакшы мамиледе болуу өмүрдүн узун болушуна жана ырыскынын кенен болушуна себепчи болот. Ошондой болсо да көпчүлүк жаштар, болгон мүмкүнчүлүгүн аялына, үй-бүлөсүнө жумшашып, мойнундагы милдети болгон ата-энесине кызмат кылууну унутушат. Ошондуктан кээ бир карып калышкан ата-энелер, өзүлөрүнүн балдары болуп туруп, карылар үйүнө түшүп калышы зээнимди кейитет. Ата-энесине мына ушундай таш боордук кылып, алардын жүрөгүн оорутуу, убайымга салуу түбөлүктүү азапка дуушар болот. «Ата-эне ыраазы болбосо, Жараткан ыраазы болбойт.

Абдышукур ажы Нарматов - Иттин окуясы

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

Абдышукур ажы Нарматов - Сахабаларддын кылган иштери.

Абдышукур ажы Нарматов - Сахабаларддын кылган иштери.

БИЗ КЫЙНАЛЫП КЕТТИК!» Балыкчылык жигиттин ачуу чындыгы. | Айт Айт Десе | Иликтөө

БИЗ КЫЙНАЛЫП КЕТТИК!» Балыкчылык жигиттин ачуу чындыгы. | Айт Айт Десе | Иликтөө

КЕТТИ КАРА БАЛА САТЫЛДЫ

КЕТТИ КАРА БАЛА САТЫЛДЫ

МЭРДИН жүзүн АЧКАН активист Нарматов Илгизбек НООКАТ баазары  | Talant Ak-Bulak.

МЭРДИН жүзүн АЧКАН активист Нарматов Илгизбек НООКАТ баазары | Talant Ak-Bulak.

С Максим Шевченко. Понять Апокалипсис нашего времени. Трамп и трампизм. 18.01.26

С Максим Шевченко. Понять Апокалипсис нашего времени. Трамп и трампизм. 18.01.26

Абдышукур ажы Нарматов - Эненин БАТАСЫ

Абдышукур ажы Нарматов - Эненин БАТАСЫ

СУЗАКТАГЫ КАРГАШАЛУУ КЫЛМЫШ: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК ДАГЫ БИР ЖАШ ЭНЕНИН ӨМҮРҮН АЛДЫ

СУЗАКТАГЫ КАРГАШАЛУУ КЫЛМЫШ: ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК ДАГЫ БИР ЖАШ ЭНЕНИН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Sekundy od III wojny światowej - rosyjski statek pędzi wprost na USS Farragut

Sekundy od III wojny światowej - rosyjski statek pędzi wprost na USS Farragut

Жаңы айдоочулук күбөлүктүн бизге кереги жок! Айдоочуларды нааразы кылган жаңы реформа

Жаңы айдоочулук күбөлүктүн бизге кереги жок! Айдоочуларды нааразы кылган жаңы реформа

Stop Cham #1404 - Niebezpieczne i chamskie sytuacje na drogach

Stop Cham #1404 - Niebezpieczne i chamskie sytuacje na drogach

Абдышукур ажы Нарматов - Олумду эстоо

Абдышукур ажы Нарматов - Олумду эстоо

ЭКС депутат ТАКСЫР биринчи АЯЛЫН коркутуп ҮЙ талашып/ДОЛЛАР толо ГҮЛ берип/ЭКИ жол КЫРСЫГЫ болуп

ЭКС депутат ТАКСЫР биринчи АЯЛЫН коркутуп ҮЙ талашып/ДОЛЛАР толо ГҮЛ берип/ЭКИ жол КЫРСЫГЫ болуп

Президенттин атын атаган спикер депутаттарды ыңгайсыз абалга кептеди

Президенттин атын атаган спикер депутаттарды ыңгайсыз абалга кептеди

ILE ZARABIA STOLARZ?: Jak 17-latek rozkręcił BIZNES w garażu? | DO ROBOTY

ILE ZARABIA STOLARZ?: Jak 17-latek rozkręcił BIZNES w garażu? | DO ROBOTY

17 01 2026 Zapewne wielu z Was czekało na ten utwór i to wykonanie!

17 01 2026 Zapewne wielu z Was czekało na ten utwór i to wykonanie!

Чырга айланган реформа. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда нааразычылык жаралды

Чырга айланган реформа. Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда нааразычылык жаралды

Иран: АКШ Катардагы авиабазасынан аскер кызматкерлерин эвакуациялады - Би-Би-Си ТВ 15.01.2026

Иран: АКШ Катардагы авиабазасынан аскер кызматкерлерин эвакуациялады - Би-Би-Си ТВ 15.01.2026

Абдышукур ажы Нарматов - Өмүрүңдү барктай бил!

Абдышукур ажы Нарматов - Өмүрүңдү барктай бил!

1000 прекрасных чтений Аятуль-Курси для успокоения сердца и ума

1000 прекрасных чтений Аятуль-Курси для успокоения сердца и ума

ВРАЧТАРды ТЕКШЕРҮҮ башталып ЭКИ ЧОҢ жетекчи ИШТЕН кетти \\ Алар Улуттук кардиология кызматкерлери

ВРАЧТАРды ТЕКШЕРҮҮ башталып ЭКИ ЧОҢ жетекчи ИШТЕН кетти \\ Алар Улуттук кардиология кызматкерлери

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: infodtube@gmail.com