Популярное

Музыка Кино и Анимация Автомобили Животные Спорт Путешествия Игры Юмор

Интересные видео

2025 Сериалы Трейлеры Новости Как сделать Видеоуроки Diy своими руками

Топ запросов

смотреть а4 schoolboy runaway турецкий сериал смотреть мультфильмы эдисон
dTub
Скачать

Абдышукур ажы Нарматов - Эненин БАТАСЫ

Автор: UNIVERSAL Live

Загружено: 2021-02-23

Просмотров: 4957

Описание:

Бата деген эмне?
Батаны биз кандай түшүнөбүз.

Байыркылар, Ата-Бабаларыбыз айтышкан, «Бата-сөздүн атасы» деп, демек, Сөздүн эң күчтүүсү, тазасы, ыйыгы, адилети, чындыгы жана эң улуусу Бата экенин Кыргыздар билишкен. Эгерде Ыйык Жазууларды карасак, «Сөздүн атасы-Кудай» дейт, тагыраак айтканда батаны Кудайдын сөзү деп түшүнсөк болот. Анткени Кудай батаны Өзүнүн кубаттуу сөзү аркылуу берет. »Чыныгы Бата бул-Кудайдын Сөзү». Сөз аркылуу Кудай адамга акыл, акылмандык, жарык, күч кубат берет, адилеттүүлүккө үйрөтөт, чындыкты ачып берет, Өз жолуна салат. Бата аркылуу Кудай адамды сактайт, коргойт,колдойт, жолун ачат, берекесин берет, мээримин төгөт,айыктырат, тукумун өстүрөт, ырайым кылат, тынчтык, кубаныч берет жана баардык жактан байытат. Кудай жаратуучу-Батанын булагы. Теңир Өзү асмандан бата берет, ошондой эле бата берүү укугун, милдетин адамдарга да берген. 1 Кудайдын батасы. 2 Пайгамбарлардын батасы. 3 Аксакалдардын батасы. 4 Ата-Эненин батасы. 5 Элдин батасы. Негизи бата Кудайга тиешелүү, Теңирден келет, ыйык адамдардын, бата берүүчүлөрдүн жүрөгүнө, ойуна, оозуна салынып бата элге берилет. Бата пайгамбарчылыкка окшош болот. Кудайдын пайгамбарчылыгы же пайгамбарлардын сөздөрү, убагы келгенде сөзсүз аткарылгандай эле, бата да кайсыл адамга, кайсыл элге берилсе, жашоосунда сөзсүз аткарылат. Эреже боюнча улуусу кичүүсүнө бата берет. Тилек болсо адамдарга тиешелүү, жүрөгүнүн каалосунан чыккан сөздөр десек болот. «Кыргыздын улуу жазуучусу Чынгыз Айтматов, Ашым Жакыпбековдун Тенири Манас романында, алгач сөздө мындай деп жазган жери бар. Адамзат сөзду аздектеп келет. Кыргыздар муну өнөр алды –кызыл тил десе, библияда аа дегенде сөз болгон дейт. Булар бири-бирин толуктап турат, купуя сыр, чечилгис табышмак.» Ыйык Жазууда Эң башында Сөз бар болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон. Сөз эң башында Кудайда болгон. Бардыгы Ал аркылуу башталган, эмне башталса да, Ансыз башталган эмес деп жазылган. Жыйынтык, эмне башталса, эмне жаралса, баардыгы Кудайдын сөзү менен башталып, жаралып, Кудайдын батасы менен, сакталып, уланып келе жатканын билсек болот. Кыргыздарда бата деген сөздүн келип чыгышы башталыш, эң башында, башта деген мааниде, Кыргыздар бата деп айтып калса керек. Анткени Кыргыздардын ар бир күнү, ичкен тамагы, жашоосу бата менен башталып, бата менен аяктаган. Мисалы; чоң иш баштаганда, жолго чыгаарда, таң атканда ар бир күндү бата менен баштаган, мал сойордо бата кылышкан. Ата Бабаларыбыз адам төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин баардык жамандык жакшылыктарды, тойлорду бата менен өткөрүшкөн. Кудай жакшылык берген сайын той өткөрүшкөн себеби; 1. Кудай, жакшылык кылганы үчүн ыраазычылык келтиришкен. 2. Туугандарын, досторун, кошуналарын, жакындарын тойго чакырып кубанычтарын бөлүшкөн. 3. Эң башкысы тойлорду өткөргөндө, мал союп, ичип жеп кубаныш эмес, Кудайдан бата, Аксакалдардан бата, жалпы элден бата алалы деп тойлорду өткөрүшкөн. Бата деген сөздү грекчесин, орусчасын карасак, эки сөздөн турат, кыргызчага которсок жакшылык алып келүүчү сөз. Чынында жакшылык алып келүүчү жакшы сөз, бул Кудайдын сөзү, Теңирдин батасы деп кабыл алсак болот. Ислам дининде бата деген сөз Курандан, фатиха сүрөөсүнөн алынган деп айтылат. Ата бабаларыбыз Ислам дини, Куран китеби пайда боло электе эле, Теңирден бата алып, Аксакалдарыбыз элге бата берип келишкен. Кыргыздын макалдары; «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт».(Эр көгөрөт). «Атаңдан бото калбасын, бата калсын». «Кур аякка бата жүрбөйт» деген макалдары менен батаны жогорку деңгээлде баалашкан. Мисалы: Бакай Атанын алакан жайып берген батасы. Кыргыз элибиз Касиеттүү Аксакалдардан бата алайын деп аракет кылып, кызмат кылып, ыраазы кылып, бата алышкан. Азыр эми баталардын түрлөрү жөнүндө сүйлөшсөк. Негизинен, бата асмандык бата жана жердик бата болуп экиге бөлүнөт. Ата Бабаларыбыз байлык бийлик колдун кири деп, материалдык байлыкка караганда, руханий байлыкка маани берип, асмандык бата менен жашашкан. Кагылайын Кыргыз Калкым! Акылман Сулайман айткан экен: Теңирдин батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт деп, биз дагы Кыргыздын урпактары, Ата Бабаларыбыздын жолун жолдоп, Батага маани берип, жашообузда биринчи орунга коюп, Теңирден бата сурап, Аксакалдардан бата алып, бири бирибизге бата тилеп, руханий жактан да, материалдык жактан да, өсүп өнүгөлү! Эң башкысы Кыргызда баталуулар көбөйсүн! Оомийин!

Абдышукур ажы Нарматов - Эненин БАТАСЫ

Поделиться в:

Доступные форматы для скачивания:

Скачать видео mp4

  • Информация по загрузке:

Скачать аудио mp3

Похожие видео

Үй сураган аял Үй берсең жанында дарыясы болсун|окуган Saltanat| 🤲

Үй сураган аял Үй берсең жанында дарыясы болсун|окуган Saltanat| 🤲

Жума баян:  Тапкан соопторумдун баарын

Жума баян: Тапкан соопторумдун баарын "Апама" арнадым! Абдишүкүр Устаз. Ош шаары. 4.06.2021.

КЫЯМАТ КҮНҮ АДАМДАРДЫН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ БАЯН. АБДУШУКУР АЖЫ 2016

КЫЯМАТ КҮНҮ АДАМДАРДЫН АБАЛЫ ТУУРАЛУУ БАЯН. АБДУШУКУР АЖЫ 2016

Кыргыздар - Түркмөнстан болбойт! | Сыймык Жапыкеев | Ernis Kyiaz Podcast

Кыргыздар - Түркмөнстан болбойт! | Сыймык Жапыкеев | Ernis Kyiaz Podcast

Улууларды ЫЙЛАТКАН суроо😢 😥😰😭 (толугу менен) | Шарият KG | 11.03.18

Улууларды ЫЙЛАТКАН суроо😢 😥😰😭 (толугу менен) | Шарият KG | 11.03.18

⚡️ США объявили войну ЕС || РФ экстренно стягивает войска

⚡️ США объявили войну ЕС || РФ экстренно стягивает войска

Абдышукур ажы Нарматов - Иттин окуясы

Абдышукур ажы Нарматов - Иттин окуясы

Эртең мененки кереметтүү дуба ( Ардайым эрте менен угуп жүрүңүз )

Эртең мененки кереметтүү дуба ( Ардайым эрте менен угуп жүрүңүз )

Китепти кѳп окуган АПА | эненин кызга, балага айткан насааты | Тойду сѳз менен ѳзгѳрткѳн эне…

Китепти кѳп окуган АПА | эненин кызга, балага айткан насааты | Тойду сѳз менен ѳзгѳрткѳн эне…

Момбеков  кайрылуу жасады

Момбеков кайрылуу жасады

АТАНЫН ДА ЖҮРӨГҮ БАР! Устаз Эрмек Тынай уулу

АТАНЫН ДА ЖҮРӨГҮ БАР! Устаз Эрмек Тынай уулу

АТА ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖҮРӨК ООРУТКАН БАЯН  АБДЫШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ

АТА ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ ЖҮРӨК ООРУТКАН БАЯН АБДЫШҮКҮР АЖЫ НАРМАТОВ

Устазды ыйлаткан келиндин суроосу 😭😭😭 устаз Калысбек Заманбеков

Устазды ыйлаткан келиндин суроосу 😭😭😭 устаз Калысбек Заманбеков

Чубак ажы жана Абдышукур ажы Москва мечитинде толук тасма

Чубак ажы жана Абдышукур ажы Москва мечитинде толук тасма

Ата-эненин жүрѳгүн ооруткандар тууралуу жума баян | Осмон уулу Максат ажы

Ата-эненин жүрѳгүн ооруткандар тууралуу жума баян | Осмон уулу Максат ажы

"Ата энеңди сыйла, бүгүн бар, эртең жок!" ((( Шейх Абдишүкүр ажы Нарматов .

Калысбек Заманбеков: Жүрөгү өрттөнүп жазган жигиттин суроосу

Калысбек Заманбеков: Жүрөгү өрттөнүп жазган жигиттин суроосу

Ата энеге

Ата энеге "уфф" деп айтуу да арам / Чубак ажы 2020

Ата-эне тууралуу элди ыйлаткан сабак // Нурулло устаз

Ата-эне тууралуу элди ыйлаткан сабак // Нурулло устаз

БИР БАЙДЫН АРМАНЫ. Абдишүкүр ажы Нарматов.

БИР БАЙДЫН АРМАНЫ. Абдишүкүр ажы Нарматов.

© 2025 dtub. Все права защищены.



  • Контакты
  • О нас
  • Политика конфиденциальности



Контакты для правообладателей: infodtube@gmail.com